Ош облустук казыятынын алдындагы борбордук мечит дезинфикацияланды

Бүгүн, 11-март күнү Ош облустук казыятынын алдындагы борбордук мечитте коронавирустун алдын максатында мечиттерди,  даратканаларды жана  мечиттин айланасын тазалоо жана дезинфикациялоо иштери жүргүзүлдү.

Анда казыяттын кызматкерлери баш болгон мечит жамааты дааратканаларды тазалап, айлана-чөйрөнү ирээтке келтиришти.

«Коронавирустун алдын алуу максатында мечиттерде, медреселерде жана коомдук жайларда  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Мындан сырткары ар бир райондогу мечит имамдары өз аймактарына караштуу мечиттерди дезинфикациялоодон өткөрүшөт», деди облустун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев.