Нарында короновируска карата мечиттерди дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 11-март күнү Нарында короновируска карата жалпы мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды. Дезинфекциялоо иштери алгач Нарын шаарындагы борбордук Азирети Али мечитинде башталып, андан кийин Нарын райдук хатибиятына тиешелүү Ак-Коргон мечитинде, Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас” мечитинде жана “Билал бин Рабах” мечититтеринде улантылды. Дезинфекциялоо иштерин Нарын райондук ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн  врач дезинфектологу Кубанычбек Турдумамбетов алып барды.  Мындай дезинфекциялоо иштери  Нарын облустук казыяты тарабынан Муфтияттын буйругунун негизинде Нарын облусундагы бардык мечиттерде улантылуусу керек экендиги хатибияттарга, имамдарга тапшырылды.  

“Жугушсуздандыруу (дезинфекциялоо)  иштеринин жүрүшүнүн алкагында имараттын ичи вирус, бактериялардан тазаланат. Башкача айтканда дубалдардагы, килемдердеги микроорганизмдер тазаланып, өлөт. Бир гана короновируска карата эмес башка убакыттарда дагы белгилүү мөөнөттөр сайын жугушсуздандыруу иштерин ар дайым жүргүзүп туруу керек. Ошондой эле жугушсуздандыруу иштери жүргөндөн кийин имаратты же мечитти 4 сааттан кем эмес адамдар кирбегидей бош калтыруу керек”,- дейт Нарын райондук ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн  врач дезинфектологу Кубанычбек Турдумамбетов.