Бүгүндөн тарта республикадагы бардык мечиттерди, диний окуу жайларды дезинфекциялоо иштери башталды

Бүгүн, 11-мартта республика боюнча коронавирусту алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери башталды. Анын ичинде Бишкек шаарынын борбордук мечитинде Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери келип дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

Дезинфекциялоочу адистер сууга кошулмасы бар даары-дармекти мечиттин ичине, айнек-терезелерине, айланасына, дааратканасына чачышты.

Бишкек шаарында жалпы 68 мечит болсо алардын баары кезек-кезеги менен күнүнө 2 жолу дезинфекцияланат.

Эскерте кетсек, буга чейин КМДБ тарабынан өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Бүгүндөн тарта республикадагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери башталды.