Баткенде мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  тапшырмасынын негизинде Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов  облустук казыяттын курамындагы  дин кызматкерлерине облустагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана  санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы менен биргеликте бардык мечиттерди таза кармоо, ошондой эле  дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү керектигин эскертти.

Ага ылайык  бүгүндөн тарта облус аймагындагы мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды. Кечээ 10-мартта Баткен шаарындагы «Таква» Лейлек району, Исфана шаарындагы «Абу Бакр Сыдык» мечити, Кызыл-Кыя шаарындагы «Азирети Билал» мечиттеринде жайнамаз, даараткана жана башка жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

«Бардык мечиттерди таза кармоо жана жайнамаздарды дезинфекциялоо иштери график боюнча жүргүзүлөт. Аны менен катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иштери да уланат. Бул боюнча казыят тарабынан катуу көзөмөлгө алынат», — дейт облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов.