Ош шаарындагы мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Бүгүн, 11-март күнү Ош шаарынын жума окулуучу мечиттеринде дезинфекциялоо иштери башталды.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» жана «Сулайман-Тоо» мечиттеринде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. 

Андан тышкары мечит кызматкерлерине күн сайын жууп тазалоо, дезинфекциялоо иштерин күнүгө жүргүзүү керектиги боюнча кеп-кеңештерин айтышты.

Эскерте кетсек, Ош шаарында 78 мечиттин ичинен жалпы 41 мечитте жума намазы окулат.