Жалал-Абад шаарындагы мечиттер дезинфекцияланды

Бүгүн, 11-март күнү Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Азирети Хизир” мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын дин Башкармалыгынын буйругуна ылайык дезинфекциялоо иш-чарасы жүргүзүлдү.

Казыяттын кызматкерлери Жалал-Абад облустук санэпидемия борборунун дезинфекция бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, шаардын аймагындагы бардык мечиттерди дезинфекциялап берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Казынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров, шаардын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков, иш башкарма адиси Давран ажы Жунусалиев дезинфекциялоо иш-чарасы менен жеринен таанышып, күбө болуп кайтышты.

“Биз буюрса кыска убакыттын ичинде шаардын аймагындагы жана областтын аймагындагы бардык жума окулуучу мечиттерди толук дезинфекциялап, кылдаттык менен көңүл буруп жатабыз,”-деди казынын орун басары.