Ош облусунда медресе жана диний окуу борборлорун тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 11-мартта Ош облусундагы медресе жана диний окуу борборлорунда коронавирусту алдын алуу максатында медресе жана окуу борборлорун тазалоо  иштери жүргүзүлүүдө.

Анда саламаттыкты сактоо  кызматкерлери айрым медресе жана окуу борболорунда окуучуларга лекцияларды өтүп,  дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирусту алдын боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо  кызматкерлери  окуучаларга буларды эстен чыгарбоо керектигин белгиледи:

  1. Өзүнүн ден соолугуна кам көрүү
  2. Дайыма колду самындап жуу
  3. Жугуштуу оорулардан оолак болуу
  4. Туура тамактануу
  5. Өздүк гигинены сактоо

Эскерте кетсек, азыркы учурда Ош облусуна караштуу бардык райондордо коронавирусту алдын алуу максатында мечиттерди, медреселерди жана окуу борборлорун тазалоо жана дезинфикацияоо иштери жүргүзүлүүдө.