Бишкек шаарынын имамдарына коронавирусту алдын алуу боюнча жайын болду

Кечээ, 11-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев Бишкек шаарынын имамдарына коронавирусту алдын алуу максатында жыйын өткөрдү.

Жыйында Коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабдын мүчөсү Нурлан Галбаев ооруну алдын алуунун, сактануунун жолдору, мечиттерди дезинфекциялоо боюнча маалыматты берип, имамдардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Мындан тышкары КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов мечиттерди, диний окуу жайларды таза кармап, жогоруда айтылган кеп-кеңештерди так сактоого чакырды.

Эске сала кетсек, буга чейин КМДБ тарабынан өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Кече 11-марттан тарта республикадагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.