Ысык-Ата районунда жардамга муктаж 105 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы таратылды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков, Ысык-Ата райондук хатибияттын демилгеси, райондогу имамдар жана кайрымдуу жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен Кең-Булуң, Ивановка, Сын-Таш жана Нурманбет аймактарындагы кары-картаңдарга жана колунда жука үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк тапшырып, алардан кабар алды.

Бул соопту иш-чара алкагында жалпысынан 105 жаранга жардам көрсөтүлүп, ар бирине болжол менен 2000 сомдон ашык каражат жумшалган.

Бактыбек ажы Убабеков соопчулук колун сунган кайрымдуу инсандарга өз ыраазычылыгын билдирди.

«Чындыгында, ыймандуулардын бардыгы бир тууган. Бири-бирибизге каралашпасак, Кудай Тааланын берген нээматтарынан колу жукаларга чыгарбасак, мунун сурагы өтө оор болуп калат. Кимде-ким өзгөнүн көңүлүн жылытса, Аллах Таала анын көңүлүн кайыптан жылытат деп риваяттарда айтылып келет. Муктаждардын көңүлүн жылытып, аларга жардамын сунган кайрымдуу жарандарыбыздан Кудай Таалам ыраазы болсун», -Бактыбек ажы Убабеков.