Чүй облусунда медресе, диний окуу борбор жана мекемелерде дезинфекциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Чүй облусундагы бардык медресе, диний окуу борбор жана мекемелерде коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери, тазалоо жана дезинфекциялоо кызуу жүрүп жатат.

Аталган иш-чараларда дарыгерлер медресе, диний окуу борбор жана мекемелерде лекцияларды өтүп, атайын дезинфекция иштерин колго алууда.

Бул жолкусунда алгачкылардан болуп Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы «Ала-Тоо 2» медресесинде жогоруда аталган иш-чара болуп өттү.

Ага медресе мугалимдери, дарыгерлер жана медресе окуучулары толугу менен катышты.

Лекцияны Ивановка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери Журсун Токонова өтүп, төмөнкү маселелерди баса белгиледи:

1) Ден соолук деген эмне?
2) Ден соолук чың болуш үчүн эмне кылуу керек?
3) Туура тамактануу
4) Физикалык көнүгүүлөр
5) Гигиена жана санитардык тазалык
6) Жугуштуу оорулардын алдын алуу
7) Коронавирус боюнча түшүнүк

Белгилей кетчү нерсе, КМДБнын буйругуна ылайык Чүй облусуна караштуу бардык райондордо коронавирусту алдын алуу боюнча диний бардык мекемелерде тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.