Талас облустук казыятынын кварталдык жыйыны Кара – Буура районунда өттү

Кечээ, 11-мартта Талас облустук казыятынын Кара – Буура районунда кварталдык жыйын өттү. Жыйынга Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, казыят кызматкерлери  жана район имамдары катышты.

Анда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн никеге туруусу, ала качуу, терроризм, эстремизм, радикализм, жаз алдындагы жашылдандыруу иштери боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Жыйындын жүрүшүндө казыяттын буйругунун негизинде Кызыл – Адыр айылындагы “Умар” мечитине Алым уулу Рыскелдини имамдыкка дайындалды.

“Аткарылган иштердин натыйжасында жетишкен ийгиликтерди баса белгилеп, алдыдагы кварталдык иштерди толугу менен аткарып берилген тапшырмаларды убагында иш жүзүнө ашырып мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошолу”, — деди Таалай ажы Бапиев.