Жалал-Абад, Ош облусундагы диний окуу жайлары дезинфекцияланды (фото)

Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абад, Ош облусундагы диний окуу жайлары, медреселер коронавирсту алдын алуу максатында дезинфекцияланды.

Алсак, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы “Имам Тирмизий” медресеси, Жалал-Абад шаарындагы «Илим ТАТ» медресеси, Ош облусундагы Араван районундагы “Имам Бухари” медресеси толук тазаланып, иреттелип атайын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан коронавирус тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, дезинфекцияланды.  

Эске сала кетсек, буга чейин КМДБ тарабынан өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Кечээ, 11-марттан тарта республикадагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери кызуу жүрүүдө.