Жалал-Абад: мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгын тилеп, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятында мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин амандыгын, ар кандай илдетти алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү.

Түлөөгө 1 бодо мал союулуп, эти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жардамга муктаждарга бөлүнүп берилди.

Мамлекетибизди түрдүу оорулардан, балээ-апааттардан сактоо максатында өткөрүлгөн бул иш-чарага облустун казысы Абдулазиз кары Закиров, казыят кызматкерлери жана шаардын аймагындагы көрүнүктүү имамдар, аксакалдар катышты.

“Динибиз салттуу Ислам дини деп бекеринен айтылган эмес. Себеби илгертеден ата-бабаларыбыз салттардын бардыгын шариятка ылайык карманышкан. Оору-сыркоо, душман жана башка ар кандай балээ апааттар келгенде кан чыгарып Жараткандан жардам сурап, дуба кылып келишкен. Алла Таалам мамлекетибизге амандык, ынтымак, биримдик берсин, коронавирус оорусун элибизден алыс кылсын”,-деп облус казысы бата кылды.