Чүй казыяты элибиздин амандыгын тилеп, түлөө өткөрүштү


Бүгүн, 12-март күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде Чүй облусунун мусулмандар казыяты кайрымдуу жарандар менен биргеликте мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин амандыгы, ар кандай апааттардан алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү.

Жалпы журтчулуктун ар түрдүү кырсык-балээден, оору-сыркоодон сактануу үчүн бата түлөөгө Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов, казыят кызматкерлери, аксакалдар жана жергиликтүү жамаат катышты.

Чүй казысы өз сөзүндө түлөө өткөрүү ата-бабаларыбыздан бери уланып келе жатканын айтып, бул да шариатыбызда маани берген садака амалдарына кирет экенин баса белгилеп, элибиздин амандыгын, ынтымак-биримдигин тилеп дуба кылды.

«Садака берүү ар кандай балээден кайтарат. Кудай Тааладан кечирим сурап, Пайгамбарыбыздын ыйык осуяттарында айтылган дубаларга бекем болуу менен биргеликте, өздүк гигиена, саламаттык сактоо кызматкерлеринин кеңеши менен жүрсөк, бизге эч кандай коркунуч жок. Аллах Таалам элибизди кырсык-балээден сактап, жалпы эле калайык-калкка шыпаа насип этсин. Мамлекетибиз өнүгүп-өсүп, жерибизде ар дайым тынчтык болсун», — деди Руслан ажы Жумагулов.

Түлөөгө 1 бодо мал союлду. Анын эти муктаж үй-бүлөлөргө жеринде таратылды.