Токмок шаарындагы «Токмок» медресеси дезинцекцияланды

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы «Токмок» медресеси коронавирусту алдын алуу максатында дезинфекциялоодон өттү. Бул тууралу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара Токмок хатибиятына караштуу бардык мечит, медресе жана диний борборлордо уланмакчы.

«Дартты да, дарттын дабасын да Кудай берет. Бирок, колубуздан келишинче шариатыбыз көрсөткөндөй сактануу, алдын алуу иштерин жүргүзгөнгө ар бирибиз милдеттүүбүз. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлери менен «Токмок» медресесинде дезинфекциялоо ишин өткөздүк. Бул иш-чара мындан ары да бардык диний мекемелерде уланмакчы», — деди Токмок шаарынын баш имам хатиби.


Белгилей кетчү нерсе, КМДБнын буйругуна ылайык Чүй облусуна караштуу бардык райондордо коронавирусту алдын алуу боюнча диний бардык мекемелерде тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.