Ысык-Көл облусу боюнча бардык мечиттер, намазканалар дезинфекциялоодон өтүүдө

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков КМДБнын тапшырмасынын негизинде, шаар-райондук баш имам хатибдерге жана казыят кызматкерлерине коронавирусту алдын-алуу иш-аракеттерин жүргүзүү туурасында тапшырмаларды берди.

Бүгүнкү күндө шаар жана райондук сантирдык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 11-марттан тартып облус аймагындагы мечиттерде, намазканаларды дезинфекциялоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө коомчулукта кооптонуу жаратып жаткан коронавирус илдетин алдын-алуу максатында күчөтүлгөн тартипте андан коргонуу жолдору туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында шаар-райондук хатибияттарга тапшырма берилип, учурда мечит, намазканалардын ичин, сыртын, айланасын, дааратканаларын дезинфекцияланууда”,-деди облус казысы.

Дезинфекциялоо иштери атайын графиктин негизинде шаар-райондордо жүргүзүлүп, казыят тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат КМДБга жөнөтүлүп турмакчы.