Нарын казыяты өлкөбүздүн тынчтыгы, ынтымагы жана элибиздин ден соолугун Алла Тааладан тилеп түлөө өткөрүштү

Бүгүн, 12-мартта Нарын облустук мусулмандар казыятында мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы, элдин амандыгы үчүн жана ар кандай илдеттерди алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү.

Түлөөгө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин жардамчысы Улан ажы Ибраев,  Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан ажы Ибраев, ардактуу аксакалдар, Нарын шаарындагы мечиттердин имамдары жана Нарын медресесинин студенттери катышышты. 

Өлкөбүздү ар кандай илдеттерден жана башка  түрдүү оорулардан, балээ-апааттардан сактоо максатында өткөрүлгөн бул түлөөдө  облустун мусулмандар казысы Мамбетасан Ибраев бата тилеп, дуба кылды.

Ушул чалынып жакан курбандыктар менен Алла Таалам мамлекетибизге амандык, ынтымак, бөлүнүп-жарылуудан оолак кылып,  коронавирус оорусу элибизден алыс болсун”,-деди Мамбетасан ажы Ибраев.

 Түлөөгө 1 бодо мал союулуп, анын эти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жардамга муктаждарга бөлүнүп берилди.