Баткен жана Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук мечиттер дезинфекцияланды

Бүгүн, 12-март күнү Баткен шаарындагы борбодук «Нуьмани» жана Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы ажы Жуманов атындагы  мечитте коронавирустун алдын алуу максатында мечиттин ичин,  даратканаларды жана  мечиттин айланасын тазалоо жана дезинфикациялоо иштери жүргүзүлдү.

Анда облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов  жана Баткен шаарынын баш имам хатиби  Абдурашид ажы Юнусов баш болгон мечит жамааты дааратканаларды тазалап, айлана-чөйрөнү ирээтке келтиришти.

Муну менен катар Баткен медресесинде да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

«Коронавирустун алдын алуу максатында мечиттерде, медреселерде жана коомдук жайларда  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Мындан сырткары ар бир шаардагы  мечит имамдары өз аймактарына караштуу мечиттерди дезинфикациялоодон өткөрүшөт», — деди шаардын баш имам Абдурашид ажы Юнусов.