Ош облусунда мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин амандыгын Жараткандан тилешип, түлөө өткөрүлүп, бата кылынды

Бүгүн, 12-март күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин амандыгын тилеп, дүйнө жүзүнө тарап жаткан ар кандай илдетти алдын алуу максатында түлөө өткөрүлүп, дуба кылынды.

Анда 1 бодо мал союлуп, эти жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жергилктүү жамаатка бөлүнүп берилип, жеринде таратылды.

Эл журтубузду ар кандай оорулардан, апаат-кырсыктардан сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөгө Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов, ОшМУнун теология факультетинин деканы Зайнабидин Ажимаматов, райондун баш имам хатибтери, аскалдар жана жергиликтүү жамаат катышыт.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев ата-бабаларыбыздын ар кандай балээлерден, бөдө кырсыктардан, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып түлөө өткөргөнүн белгилеп, мамлекеттин тынчтыгын тилеп дуба кылды.

«Ислам дининде садака берүүнүн сообу эбегейсиз жана ошол садака ар кандай балээлерден коргойт. Биздин ата-баларыбыз Жараткандан ар кандай жамандыктан, кырсыктардан, өлүмдөрдөн сактап ооруларга шыпаа болсун деп, кан чыгарып түлөө өткөрүп келишкен. Жараткан Аллах бардык адамзаттын кылган күнөөлөрүн кечирип, эл-журтубуздун тынчтыкта, амандыкта, бактылуулукта жашоосун насип кылган болсун», — деди Самидин кары Атабаев.