Баткен казыяты Жараткандан түрдүү балээ-апааттардан сактоосун тилеп, түлөө өткөрүштү

Бүгүн, 12-мартта Баткен облустук мусулмандар казыяты Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечиттинде   өлкөбүздүн тынчтыгын, элибиздин амандыгын, ар кандай балээ-апааттардан сактоосун Жараткан Алла Тааладан тилеп, түлөө өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов   казыят кызматкерлери жана шаардын аймагындагы мечит имамдары, аксакалдар катышты.

“Мамлекетибизге тынчтык, амандык болсун. Ар бир үй бүлө ынтымак, береке болсун. Жамандык башыбызга келбесин.  Жараткан Алла Таалам бүткүл дүйнөнү бейпил кылып, элибизди ар кандай балээ-апааттан  сактап, дубабызды кабыл кылсын”,-деди Пазыл ажы Султанмуратов

 Ал эми Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов : “Садака берүү ар кандай балээден кайтарат. Андыктан ушул түлөө жана дуа тилектерибиз  аркылуу Жараткан бизди сактасын ”,-деди Махманаби ажы Арзыкулов.

Соңунда мамлекетибизде, дүйнөдө тынчтык, бакубатчылык, биримдүүлүк болсун деп дуба кылынды жана 1 бодо мал союулуп, эти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жардамга муктаждарга таратылды.