Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечит дезинфекцияланды

Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечит дезинфекцияланды. Иш чарага башкы мечиттин эмгек жамааты катышып, анын алкагында килемдер жана мечиттин кире бериштери, дааратканалары тазаланып, толугу менен жугушсуздандырылды.

«Мечиттин ичи жана сырткы бөлүктөрү толугу менен жугушсуздандырылды. Муну менен катар килемдер тазаланып, мечиттин эмгек жамааты коронавирустун алдын алуу максатында колдон келишинче бардык чараларды көрүүдө»,-деди Абдулла каары Акпарали уулу.