Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов: Алла Таала элибизди ар кандай балээлерден, оорулардан жана кырсыктардан сактасын

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен элибиздин тынчтыгы жана ар кандай кырсыктардын келүүсүнөн сактануу ниетинде борбордук мечитте түлөө өткөрүлдү. Шаар казысынын айтымында садака ар кандай балээлерден тосот. Ошондуктан Алла  Тааладан амандык тилеп дуба кылуу жакшы иштерден болуп эсептелет.

«Алла Таала элибизди ар кандай балээлерден, оорулардан жана кырсыктардан сактасын. Мына бүгүн жакшы ниет менен түлөө өткөрүп жатабыз. Бул союлган малдын этин муктаждарга жана  медреселерге таратып беребиз»деди шаары казысы