Ош шаарынын мечит-медреселерине дезинфекциялоо тапшырмасы берилди

Кечээ, 12-мартта Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу мечит имамдары жана диний окуу жайлардын мүдурлөрү үчүн атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ош шаарындагы жалпы мечит имамдары жана медресе мүдүрлөрү тазалыка катуу көңүл буруусу Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан эскертилди.

Айта кетсек, дезинфекция мечитте адам жок учурда жүргүзүлүп, күнүнө эң аз дегенде 2-3 жолу болбосо 5 жолу аткаруусу керектиги айтылда.

Керектелүүчү каражаттарды өз убагында алып, мечиттин жана диний окуу жайдын таза болуусу талап кылынды. Жума окулган 41 мечит жана диний окуу жайлар толугу менен дезинфекциялоочу даарылар менен камсыздандырылды.