Ош шаарындагы мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Кечээ, 12-март күнү Ош шаарынын «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мечиттер коронавирсту алдын алуу максатында дезинфекция иштерин жүргүзүп баштады. 

Буга чейин мечит кызматкерлери дезинфекциялоодо эмнеге көңүл буруу керектиги боюнча маалымат алышкан. Мындан кийин күн сайын бир нече жолу дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп турушмакчы.

Ушундай эле дезинфекциялоо иштери “Эрдем” мечитинде, Жапалак айылдык аймактык муниципалдык башкармалыгында жайгашкан мечиттерде болду.

Айта кетсек, Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан мечиттер жана диний окуу жайлар дезинфекциялоо тапшырмасы берилген.