Нарын шаарында окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук –зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү

Нарын шаарындагы бардык орто мектептердин 9-10-11 класстардын окуучуларына,  окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук –зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар болду.

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо  жылынын алкагында мектеп окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук –зомбулукту алдын алуу боюнча болгон жыйынга Нарын шаардык соту, Нарын шаардык прокуратурасы, Нарын ОИИБнын Нарын ШИИБ, Нарын шаардык мэриясы, Нарын облустук мусулмандар казыятынын Нарын шаарындагы хатибияты, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана өкүлдөрүнүн катышты.

Жолугушуу алгач Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу мектебинде башталып, андан ары № 5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектепте, №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте жана №4 Эсенгул Ибраев атындагы орто мектебинде, №9  А.Сыдыков атындагы орто мектебинде, №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинде жана №10 Ж.Чолпонбеков атындагы орто мектептеринин окуучулары менен 9-марттан 12-мартка чейин жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууда мектеп окуучуларына кылмыштуулукка, зордук –зомбулукка чакырган жаман терс көрүнүштөрдөн оолак болуу, азгырыктарга алданбоо керек экенин жана  билим алууга өзгөчө көңүл бөлүү керек экендигине басым жасалып, пикирлер айтылып, талкууланды.

Нарын облустук мусулмандар казыятынын Нарын шаарындагы баш имам хатиби Алмаз Талипакунов орто мектептердин мугалимдерине ыраазычылыгын билдирип алардын эмгеги зор экендигин баса белгиледи.

“Дүйнөдө эки түрдүү адам бар экен, биринчиси өзүнөн тарбия алып жаткан балдары жакшы болсо экен деген ата-эне болсо, экинчиси өзүнүн билгенин окутуп билим берип жаткан мугалим экен. Ошондуктан ата-эне уулум, кызым жакшы адам болсун деп ар дайым аракет кылып, өзү жебеген тамакты, өзү кийбеген кийимди балдарына берет. Андыктан ата-эненин ошол жакшы үмүтүн актоо үчүн жакшы жүрүм турумга ээ болуу менен терең билим алууңар керек. Максатыңарды ушул жашта туура так койгонду үйрөнгүлө, себеби жаш кезде убакытты окуп, билим алуу үчүн берилет. Силердин жакшы билим алып, коомго жакшы пайдалуу иш жасаганыңар мамлекетке чоң салым кошконуңар” ,- деди Алмаз Талипакунов.