Нарын шаарындагы мечиттер коронавируска каршы дезинфекцияланды

Нарын шаарында коронавируска карата жалпы мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталып мечиттер толугу менен дезинфекцияланды.

Дезинфекциялоо иштери алгач Нарын шаарындагы борбордук Азирети Али мечитинде башталып, андан кийин Нарын райондук хатибиятына тиешелүү Ак-Коргон мечитинде, Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас” мечитинде жана “Билал бин Рабах”, “Ихлас” мечитинде жана “Абу Аюб Альансари” мечититтеринде улантылды.

Дезинфекциялоо иштерин Нарын райондук ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн  врач дезинфектологу Кубанычбек Турдумамбетов алып барды.  Мындай дезинфекциялоо иштери  Нарын облустук казыяты тарабынан Муфтияттын буйругунун негизинде Нарын облусундагы бардык мечиттерде улантылуусу керек экендиги хатибияттарга, имамдарга тапшырылган эле.

Маалымат үчүн айта кетсек “Билал бин Рабах” атындагы мечит Нарын шаарындагы эң чоң мечиттердин бири болуп саналып, жалпысынан 700дөй кишиге ылайыкталып салынган.