Кочкор районундагы борбордук Айша мечити дезинфекцияланды

Нарын облусунун Кочкор районундагы борбордук “Айша” атындагы борбордук мечит коронавируска карата толугу менен дезинфекцияланды. Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 12-март күнү Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте Кочкор райондук хатибиятына караштуу борбордук “Айша” (р.а) атындагы мечит коронавирусту алдын алуу максатында толугу менен дезинфекциялоодон өткөрүлдү. Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев дезинфекциялоо иштери райондогу бардык мечиттерде улантылаарын баса белгиледи.

“Райондогу мечиттерди дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенден баштап иш алып барып жатабыз. Алгач биринчилерден болуп борбордук “Айша” мечитин дезинфекцияладык. Эми райондогу  башка мечиттердин баарын дезинфекциялоо иштери жүрөт, бул боюнча мечиттердин имамдарына атайын тапшырмалар берилди”,-деди  Жеңишбек Арзымкожоев.