Ак-Талаа районундагы борбордук мечитинде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ак-Талаа мечиттинде коронавирусту сактануу максатында Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте мечитти жана даараткананы дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев райондогу айылдардын имамдарына дезинфекциялоо тапшырмасы берилген.

“Ооруну жашырсан өлүм ашкере дейт. Ооруп анан дарылангыча алдын ала сактанган жакшы. Бүгүнкү күндө коомчулукта болуп жаткан коронавирустан сактануу жана ар бир оорунун алдын алуу максатында ар бир айылдагы имамдарга тапшырма берип мечиттерди жана намазканаларды дагы дезинфекциялоо тапшырмасы берилди”,- деди Акылбек Эсеналиев.