Жумгал районунунда коронавируска карата мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы борбордук мечити коронавируска карата дезинфекцияланды. Бул тууралуу Жумгал районунун баш имам хатиби Рустам Сейталиев  билдирди.

Анын билдиргенине караганда, учурда райондогу мечиттерди жугушсуздандыруу, башкача айтканда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп баштады. Мындан тышкары жалпы райондогу мечиттердин бардыгын дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн мечиттердин имамдарына тапшырмалар берилген.

“Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйругунун негизинде Нарын облустук казыяты тарабынан мечиттерди дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө ал тапшырмага ылайык биринчилерден болуп райондук хатибият жайгашкан мечиттен баштадык. Мындай иш башка бардык мечиттерде улантылат, бул боюнча атайын мечиттердин имамдарына тапшырмаларды бердим”,- деди Рустам Сейталиев.