Нарындан “Куран жазы” аталышындагы республикалык Куран жарышына эки талапкер катталды

Кечээ, 12-мартта Нарында Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн каарылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп,  I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышына эки талапкер катталды. . Куранды үзгүлтүксүз тилават тажвиди менен жатка билүү  боюнча Мухаммедали Атабаев  10 пара боюнча, Курандын үзгүлтүксүз  тилават тажвиди менен жатка билүү 20 пара боюнча Мухаммедали  Пулодов 20 пара боюнча катышышмакчы.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы өткөрүлөт.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

1. Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү
2. Курандын үзгүлтүксүз (20 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү
3. Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

ЖАРЫШКА КАТЫШУУЧУНУН ШАРТТАРЫ:

1. Кыргызстандын жараны болуусу
2. Бул жарышта, жарыштын бир эле түрү боюнча катыша алат
3. Жарыштын бир түрүнө катталып, жарыш башталганда башка түрүнө өтүүгө болбойт
4. Жарышка катышып, сынак маалына келгенде баш тартууга тыюу салынат
5. Катышуучулардын саны чектелбейт.