29-жаштагы Андрей бүгүн, 13-мартта Ислам динин кабыл алды

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Кушта айылында төрөлүп, Балыкчы шаарында өскөн 29-жаштагы орус улутундагы Сергеев Андрей бүгүн, 13-мартта Ислам динин кабыл алды. Мындай чечимди Андрей  өзү кабыл алган.

«Ислам дини тынчтыктын, тазалыктын, боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана бир туугандыктын дини экендигине дагы бир жолу ынандым. Досторумдун дагы арасында мусулман балдар бар. Алар дайыма камкор мамиле кылышат»,-дейт Андрей.

Сергеев Андрей көзү азиз болгондугуна карабастан массаж жасоо боюнча билим алып, келечекте адамзат үчүн пайдасын тийгизип, алардын ден соолуктарына кам көргүсү келет.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Андрейдин ишине жана окууларына ийгиликтерди каалып, ыраазычылыгын билдирди.