Бишкекте көп кабаттуу үйдүн пайдубалы түптөлүп, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов, Ленин районунун өкүлдөрү, курулуш компаниясынын жетекчилери, жергиликтүү тургундардын катышуусунда Бишкек шаарынын чак ортосунан орун алып жаткан 12 кабаттуу «Куттуу төр» батиринин пайдубалынын түптөлүшүнө катышты.

Анда Садибакас ажы Доолов эскилиги жеткен имараттын ордуна заман талабына жооп берген көп кабаттуу үйдүн салынып жатышы шаардыктар үчүн, үйгө жетпей жүргөн жарандар үчүн сооптуу иш экенин баса белгилеп, компаниянын мындан ырка ишине ийгиликтерди каалады. Андан соң алакан жайылып, дуба кылынды.

Аталган батир Бишкектин Ленин районунун аймагында «Квартал Строй» курулуш компаниясы тарабынан курулмакчы. Имарат шаар тургундары жана дин кызматкерлери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн салынып, 1 жылдан ашуун убакыт аралыгында пайдаланууга берилмекчи.

Көп кабаттуу үйдүн пайдубалы алгач түлөө өткөрүү менен башталды. Компаниянын жетекчилиги тарабынан 6 бодо мал союлуп, эти калаада жардамга муктаж 650 адамга таратылды.