Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты Жараткандан амандык, тынчтык тилеп түлөө өтөрдү

Бүгүн, 13-март жума күнү Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты  элибиздин амандыгын сурап, ар кандай илдет, дарттардан, кырсыктан алыс болушун Жараткандан тилеп, дуба кылып, түлөө өткөрдү.

Элибизди ар кандай апааттардан алыс болуусун тилеп өткөрүлгөн түлөөгө Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибраев, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, аксакалдар, имамдар катышты.

Түлөө өткөрүү саамалыгы ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт. Эң негизгиси динибизде ар кандай кырсыктардан сактоочу бул садака болуп саналат. Биздин максатыбыз Жараткандан элибиздин, жерибиздин амандыгын сурап, ааламдын тынчтыгын, амандыгын тилөө”,- дейт облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.