Талас шаарындагы борбордук мечит дезинфекцияланды

Талас шаарындагы борбордук мечиттин имамы Касым ажы Сыдыков Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык  көзөмөлдөө борбору менен  биргеликте “Ал ал-байт ” мечитинин короо жайларын, дааратканасын жана мечиттин ички, сырткы бөлмөлөрүн толугу менен дезинфекциялашты.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген тапшырманын негизинде өлкө аймагындагы бардык диний окуу жайлар жана мечиттер пандемиянын  алдын алуу боюнча дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Ушундан улам Талас облусундагы бардык мечиттер, окуу жайлар жугушсундандырылууда”, – деди Касым ажы Сыдыков