Ысык-Көл облусундагы мечиттерди дезинфекциялоо иштери улантылууда

Ысык-Көл облусунда мечиттерди дезинфекциялоо иштери уланууда. Бүгүнкү күндө Тоң, Түп жана Жети-Өгүз райондук хатибияттары жергиликтүү санитардык- эпидемиологиялык станциялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, мечиттер, намазканаларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

“Бүгүнкү күндө коомчулукта коркунуч жаратып жаткан коронавирус илдетинин алдын алуу максатында казыят, хатибият жана мечиттер күчөтүлгөн тартипте иш аткарышып  жатышат. Бул иш ушуну менен токтобостон ар дайым улантылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп турмакчы”,- дейт облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.