Талас облусунун Бакай – Ата, Кара – Буура, Манас райондорундагы мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

 Талас облусунун Бакай — Ата районунан 20, Кара – Буура районунан 5, Манас районунан эл көп чогулган 3 мечитте жана Кызыл – Жылдыз, Май айылдарындагы мечиттери толугу менен жугушсуздандырылды.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген тапшырманын алкагында Талас облусундагы жалпы мечиттер жугушсуздандырылууда. Мындай иштер диний окуу жайларда дагы уланууда. Бул жаатта райондун баш имам хатибдери талыкпай эмгектенишүүдө”,-деди облус казысы Таалайбек ажы Бапиев.