Чолпон-Ата шаардык мэриясында жергиликтүү бийликтин катышуусунда жыйын өтүп, анда коронавирустун алдын алуу маселеси талкууланды

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Талант Кыдыргазиев, вице-мэр Алмаз Байгазиев, шаардын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев, суу-чарба, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу кызматынын өкүлдөрү, шаар тургундары катышкан отурум өтүп, учурда кооптонууну жаратып жаткан коронавирустун алдын алуу жана андан коргонуу, жаштардын тарбиясы, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө туурасындагы бир катар маселелер каралды.

Муну менен катар улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштардын тарбиясына маани берүү жана бул жаатта иш алып баруу маселеси талкууланды.

“Ата-бабаларыбыздан келе жаткан каада-салт, үрп-адатыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды бекем кармап, улуттар аралык ынтымак,  биримдикти бекемдейли. Өсүп келе жаткан муунга татыктуу тарбия берип, ата-энелер менен иш алып баруу зарылдыгы бар”,-деди  Абдыразак ажы Балтабаев.