Ош шаардык казыяты шаардыгы дин кызматкерлерине 3 айлык ишембилик жарыялады

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечиттер үчүн 3 айлык ишембилик өткөрүү тапшырмасы берилди. Жарлыкка ылайык алгачкы ишембилик иш чарасы өтүп, анын алкагында мечиттердин айланалары тазаланды. Муну менен катар  жашылдандыруу иштери боюнча ар бир имам өзүнүн мечити үчүн жооптуу болуп бекитилди.

“Мечиттердин тазалыгы жакшы. Анткени коронавирустун алдын алуу максатында күнүнө эки жолу дезинфекция иштери жүргүзүлүп, натыйжасында мечиттин гигиеналык жактан да таза тургандыгын көрүүгө болот”,-деди шаардык казыяттан.

Айта кетсек, ишембилик Ош шаарынын жалпы 78 мечитинде жүргүзүлүп, мечиттин ичи-сыртынан тышкары көчөлөр мечиттин жамааты тарабынан тазалаууда.