Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев жума намазына келген жарандарга кайрылуу жасады

Кечээ,  13-март күнү Кочкор районунун администрациясын башчысы аким Темирболот Абыкеев  райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик  санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог дарыгери  Боронбаева Арзанкүл Сексенбаева жана Гүлкайыр  Тентиева  менен биргеликте Кочкор айылындагы борбордук “Айша” мечитинде жума намазына келген жаратандарга кайрылуу жасап, анда жугуштуу оорудардан сактануу жана коронавирустун алдын алуу маселелерин түшүндүрүштү. Бул туурасында Кочкор районунун баш имамынын орун басары Рахат Карабашов билдирди.

 “Дүйнө жүзүндө болуп жаткан коронавирус оорусун жалпыбыз алдын алуубуз абзел жана коомдук жайларда тартипти сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Жалпыбыз жапа тырмак биригип, оорунун жалпыга жайылып кетпөөсүнө жол бербөөбүз керек”,-деди район акими Темирболот Абыкеев