Чоң-Алай, Кара-Кулжа районунун баш имам хатибтери имамдар менен биргеликте окуу жайдарды жана мечиттерди дезинфекциялоодон өткөрүүдө

Ош облусунун Чоң-Алай, Кара-Кулжа районунун баш имам хатибтери хатибият кызматкерлери жана мечит имамары,  санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкелери менен биргеликте районго караштуу бардык мечиттердин ичи-сыртын, айлана-чөйрөсүн дезинфекциялоодон өткөрүүдө.

«Муфтияттан келген буйруктун негизиде коронавирусту алдын алуу максатында мечиттерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул иш чарыбыз мындан эки күн мурун башталган эле, бүгүн  районго караштуу мечиттердин жок эле дегенде жарымынан көбү дезинфекциялоодон өтөт. Буюрса бардык  мечиттерди тазалап, дезинфекциялоодон өткөрмөкчүбүз», — деди Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков.

Ал эми Кара-Кулжа районунда 20 мечит, диний окуу жайлар жана окуу борборлору жугушсуздандырылган.

«Берилген тапшырманын алкагында күн-түн  дебей иш алып баруудабыз. Мына бүгүн эле 20 мечитти дезинфекциялоодон өткөрдүк. Алдыда санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө кызматкерлери менен келишим түзүлгөн бир канча мечиттерибиз бар. Аларды да тез аранын ичинде толук жугушсуздандырабыз», — деди Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев.