Токмок шаарындагы мечит жана медреселердин дээрлик бардыгы дезинфекцияланса, Жайыл районунда бул иш улантылууда

Чүй облусунун Токмок шаарындагы мечит, медресе жана окуу борборлору коронавирустун алдын алуу максатында дезинфекциялоодон өтүштү. Бул туурасында  Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди.

Маалыматка ылайык бүгүнкү күнгө чейин шаар ичиндеги диний мекемелердин 80 пайызы дезинфекциядан өтүп, айлана-чөйрөсү тазаланып,  дарыгерлердин сунуштамалары боюнча иштермердүүлүктөрүн алып барышууда.

«Шаардагы диний мекемелер дарыгерлер менен биргеликте мечит, медреселерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте, дезинфекция кылышууда. Азыркы күнгө чейин дээрлик 80 пайыз мекемелер толук дезинфекцияланды», — деди  шаардын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.

Ал эми Жайыл районундагы мечит, медресе жана окуу борборлору дезинфекцияланууда. Учурда райондогу борбордук 10 мечит дезинфекцияланып,  айлана-чөйрөсү тазаланган.

Эскерте кетсек, Жайыл району боюнча 48 мечит, 2 Ислам институту жана 2 медресе ишмердүүлүгүн жүргүзүп келсе, Токмок шаарында 17 мечит жана 4 диний окуу жайы бар.