Балыкчы шаарында коронавирусту алдын алуу иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облустук казыятынын Балыкчы шаардык хатибиятынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов шаар мечиттери менен отурум өткөрүп, КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйрук, билдирүүлөрдүн аткарылышы менен таанышып, имамдарга активдүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

“Кыргыз эли ар кандай илдеттерди шариатыбызга дал келген каада-салт менен шыпаа тилеп келген. Каада-салт улут менен кошо пайда болуп, узак мөөнөт жашап келген, белгилүү географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу калыптанган ар бир элдин өзгөчө куралы десек болот”,-деди Чойбек ажы.

Учурда шаардык мечиттер дээрлик баардыгы дезинфекциялоодон өтүп, жазга даярдык көрүлүп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери боюнча аракеттер жүрүүдө.