Ат-Башыда коронавирустан сактануу максатында мечиттер дезинфекцияланды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы  айылындагы Ат-Башы мечиттинде коронавирустан сактануу максатында Ат-Башы райондук ооруларды алдын алуу   жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө  борбору менен биргеликте мечитти жана даараткананы дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Мындай иштер Кыргызстан мусулмандар Дин Башкаралыгынын буйругу алкагында жана Нарын казыяты тарабынан берилген тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла  Тахиров райондогу айылдардын имамдарына дезинфекция кылуулары тууралуу тапшырмалар берилгенин билдирди.

“Учурда Ат-Башы райолнундагы мечиттерди дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Дезинфекциялоо иштерин Ат-Башы райондук ооруларды алдын алуу   жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө  борбору менен биргеликте мечитти жана даараткананы дезинфекциялоо иштери жүргүзүүдө. Бүгүнкү  күндө тапшырманын алкакында райондогу бардык мечиттер дезинфекцияланууда ”,- деди Абдулла  Тахиров.