Манас районунда кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Манас районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милицианын полковниги Артур Иманбековдун кабыл алуусунда болду.

Эки тараптуу жолугушууда 2020 — жылда райондо кылмыштуулуктун алдын алуу,  эл арасында коопсуздукту сактоодо биргелешип иштөө боюнча иш пландарды талкуулашты.

“Райондун аймагындагы коомдук жайларында тынчтыкты сактоо үчүн аракеттерди бекемдешибиз зарыл. Ал үчүн бир тараптык эмес эки тараптык иш аракеттер натыйжасын берет. Андыктан сиздер дагы бул маселеге кайдыгер карабай жардам берүүңүздөр менен кылмыштулуктуу алдын ала алабыз”,  Артур Иманбеков.