Талас облусунда үч медресесинде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Талас  районунун Кум Арык  айылындагы “Али ибн Аби Толиб” медресесинде, Талас шаарындагы “Чет тилдер” кыздар медресесинде, Бакай – Ата районуна карашту “Бакай – Ата” медресесинде коронавирусду алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

“Сактыкта коордук жок”  дегендей медреселер менен катар Талас  шаарындагы  жума окулуучу 7 чоң мечиттер толугу менен жугушсуздандырылды. Баардык медреселерде жана мечиттерде дааратканаларда самындар коюлуда, эртең менен  кечинде  терезелер ачылып, желдетилип  тазалыкка көңүл бурулууда”,  – деди Талас облусунун казынын орун басары Медер ажы Сагынбаев.