Таласта көп балалуу жана жардамга муктаж 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Талас облустук казыятынын демилгеси менен Талас облусунун борбордук “Аль Аль Байт” мечитинде кайрымдуулук күнү өткөрүлдү.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасында жетим жесирлерге, көп балалуу жакыр жашаган 40 үй-бүлөгө  азык – түлүктөр   таратылды.  Ар бир жардам баштыкчасында 1100 сомдон айланып, жалпы 43450 сом акча каражатын түздү.

 “Аллах Таала  бизге берекесин берип турганда, биз дагы башкаларга  бере билгенди билели.  Андыктан  Президентибиздин  Жарлыгына ылайык  келечек ээлери болгон   балдарыбызды, кыздарыбызды жакырчылыктан чыгарып,   жаркын келечекке жетелейли.   Бүгүнкү ошол балдар эртеңки   Кыргызстандын түркүгү”, —   деди Касым ажы Сыдыков.