Таластагы “Али ибн аби Толиб” атындагы медресесинде ашпозчулук кесибин бүтүргөндөргө сертификаттар тапшырылды

2019-жылдын май айынан баштап Талас районунун Кум-Арык айылындыгы “Али ибн аби Толиб” атындагы медресесинде кыздар үчүн ашпозчулук курсу ачылган. Ошондон бери азыркы убакка чейин 4 топтун бүтүрүүчүлөрү аяктады.

 2020-жылдын март айына карата аталган медреседе ашпозчулук курсун аяктаган 2 группага окууну бүтүргөндүгү тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Сертификат тапшыруу аземине Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, “АВЕП» коомдук фондунун менеджери Нарынбек Кыдыргычов, Билим борборунун өкүлдөрү катышты.

Сертификат алуучулар атайын сынактан өтүп, билеттеги суроолорго жооп беришти.

«Кыздар алган билимиңерди келечектеги үй-бүлөңөрдө татыктуу пайдаланып, үзүрүн көргүлө. Силерге Аллах Таалам эки дүйнөлүк бакыт, ыйман, ырыскы, береке берсин. Мындан кийин медреседе буга окшогон курстар дагы уланат»,- деди Таалай ажы Бапиев.