Чүй казыятынын көзөмөлүндөгү бардык мечит жана диний окуу жайлар дезинфекциялоодон өтүштү

Бүгүнкү күнгө чейин КМДБ жан Чүй казыятынын буйруктарына ылайык, Чүй облусунун мусулмандар казыятынын көзөмөлүндөгү бардык мечит жана диний окуу жайларда коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери менен биргеликте, бир ирет дезинфекциялоо иштери да аяктады.

Аталган иш-чаралар жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери менен бирге уюштурулду.

Ал эми Чүй казыяты тараптан тазалыкка көңүл буруу, ишембиликтерди өткөзүү жана дезинфекциялоо иштерин токтотпостон уланта берүү тапшырмасы Чүй аймагындагы диний кызматкерлердин бардыгына берилди.

«Оору илдеттерден сактануу шариатыбыздын талабы. Алакандай элибиздин ден соолугуна көңүл буруу ар бир жарандын милдети. Биз да диний кызматкерлер дуба-тилектер менен биргеликте, колубуздан келишинче саламаттык сактоо кызматкерлери менен бирге мечит жана диний мекемелерде дезинфекциялоо иштерин токтотпостон уланта бермекчибиз», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.