Чүй облусундагы бардык диний мекемелерде жапырт ишембиликке чыгышты (фоторепортаж)


Чүй облусуна караштуу бардык диний мекемелерде Чүй казыятынын буйругунун негизинде ишембилик өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй казыятына райондогу баш имам хатибтер билдиришти.

Тазалык иш-чараларына баш имам хатибтер, айылдык имамдар, жергиликтүү жамаат жана жалпы эл катышкан. Мечиттин айланасы, айылдагы көчөлөр, мекемелердин айлана-чөйрөсү, жолдордун чекеси тазаланып, айрым жерлерде көчөттөр отургузулду.

«Тазалык – ыймандын жарымы, ыймандуунун белгиси. Мамлекет – Кудай Тааланын берген өтө чоң белеги. Мамлекетибиздин тазалыгы – бул биздин күзгүбүз. Мына ушул сөздөргө таянып, Чүй аймагындагы бардык имамдарга ишембилик өткөрүү боюнча буйрук берилген. Бул ишембилик иштери 3 айга чейин созулмакчы», — деди Чүй казыятынын катчысы Бактияр Азимов.