Бака-Ата районунда жардамга муктаж 33 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Талас облусундагы Бакай – Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы жума мечитинде  жамааттан түшкөн бир жумалык садакадан,  жетим жесирлерге, жардамга муктаж болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө, кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан кайрымдуулук иш-чарасына  Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев өзү баш болуп катышты.

Мечитке түшкөн 32750 сом каражатка азык-түлүк сатылып алынып, 33 үй-бүлөгө анын ичинде жетим  — жесирлерге,  муктаж  үй-бүлөлөргө таркатылып берилди.

“Учурдун  эң  эле  маанилүү көйгөйлөрүнүн  бири   ысырапкерчиликтен чыгуу.  Ошондуктан,   баарыбыз бир — бирибизге жардам берүүнү унутпайлы.  Өзгөнү да ойлой билели.   «Кошунаң  ачка отурганда сенин   тоё  тамак жегениң  дурус эмес» —  дегендей   Алла жолуна  жумшалган кайрымдуулук эч качан жоопсуз калбайт.   Сыйлыгын бул дүйнөдө болбосо, акыретте сөзсүз  көрөсүздөр”, —  деди облус казасы Таалайбек ажы Бапиев.